Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин 16-майдагы жыйынында акыркы учурда Кыргызстанда балдарга зордук-зомбулук көбөйгөнүн айтып, өкмөттү балдардын укугун коргоого чакырды. Эл өкүлү мындан тышкары мектеп окуучуларын ар кандай массалык иш-чараларга тартууга тыюу салуу керек экенин билдирди.
“Чиновниктерди тосуп алууга балдарды тарткан иш-чаралардын баарын сүрөткө тартып чыгарыш керек. Ага такыр жол берилбеш керек. Балдарды кыштын ызгаарында, жайдын саратанында колуна гүл карматып коюп коюшат. Чиновниктерди тосуп алуу, массалык иш-чараларга тартылган балдар эси ооп жыгылган учурлар бар”, — деди ал.
Кыргызстанда ар кандай мамлекеттик массалык иш-чараларга мугалимдер менен окуучулар тартылган окуялар бар.
2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында “Манас айтуу” фестивалында дөңдөн ылдый жылган “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү машине иш-чарага катышып жаткан балдарды коюп кеткен. 3 миңге жакын окуучунун 30дан ашыгы жабыр тартып, алардын көбү ооруканага түшкөн. Балдардын ону атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, айрымдарына операция жасалган.