Акаев экс-президент макамы боюнча ЖКнын чечимине комментарий берген жок

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев ага экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча арызын четке каккан Жогорку Кеңештин депутаттарынын чечимине комментарий берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Орусиянын ТАСС мамлекеттик агенттиги жазды. “Мен парламенттин иши жана чечими боюнча комментарий бербейм”, — деген ал.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы сессиясында Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз эле четке каккан. Ал парламентке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп арыз бергени 5-сентябрда белгилүү болгон.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн качып кетип, ошондон бери Орусияда жашайт.

Аскар Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр боюнча сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.

27 Сентябрь 2024 жыл 12:44

Тема боюнча