Бишкекте «Аккула» ат майданында эркек киши чагылган тийип көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги Тез жардам кызматына шилтеме берип жазды.
«Окуя болгон жерге Тез жардам бригадасы барган, бирок куткарып кала алышкан эмес», — деди кызматтан.
Бул кырсыктан чабандестин минип жүргөн аты да өлгөн.
Милициядан адам өмүрүн алган факт Ленин райондук ИИБине катталып, тергөө башталганын айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0