АКШда Тынч океандын түндүк-батышында катуу бороон-чапкындардан кийин 300 миңден ашык үй жана ишкана электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу Reuters агенттиги PowerOutage агенттигине шилтеме берип билдирди.
Маалыматка караганда, бул сан мурдагы күндө катталган 585 миң өчүрүүдөн бир топ төмөн, андан бери айрым штаттарда компаниялар электр энергиясын калыбына келтире баштаган.
Эң көп жабыркаган коммуналдык кызматтар Колорадо штатындагы Xcel Energy жана Вашингтон штатындагы Puget Sound Energy компаниялары болду, алардын 4,28 млн кардарынын 100 миңден ашыгы жабыркады.
Xcel Energy өзүнүн X социалдык тармактагы баракчасына (мурдагы Twitter) зыянды баалоо үчүн Колорадо штатынын ар кайсы аймактарына топторду жөнөткөнүн жана электр энергиясын калыбына келтире баштаганын жарыялады.
PowerOutage’дин акыркы маалыматтарына ылайык, учурда 321 миңден ашык үй электр жарыгысыз калды. Эң катуу өчүрүүлөр Колорадо (115 миңден ашык), Вашингтон (60 миңден ашык), Монтана (36 миңден ашык) жана Орегон (33 миңден ашык) штаттарында катталган.