АКШда «Грин-картага» окшош «Алтын карта» пайда болот. Шарттары кандай?

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөгө иммигранттарды тартуу боюнча өзүнүн демилгелеринин бири тууралуу айтып берди. Кеп АКШда жашоого уруксат берүүчү «Грин-картага» окшош «Алтын карта» жөнүндө болуп жатат. 

Tengrinews.kz жазгандай, Американын лидери шейшембиде АКШ Конгрессинин эки палатасында президент катары биринчи жолу сөз сүйлөдү.

Трамп АКШда жашоого уруксат алуу укугу үчүн 5 миллион доллар төлөй ала тургандар үчүн жакын арада “Алтын карталарды” киргизүүнү пландап жатканын түшүндүрдү. «Бул Грин-карта сыяктуу, бирок андан да жакшы, андан да оор. Бул адамдар биздин өлкөдө салык төлөшү керек болот«,- деди ал. 

Трамп 25-февралда журналисттерге сүйлөп жатып, АКШ жакында Америкада жашоого жана иштөөгө укук берген жана Америка жарандыгын алууга жол ачкан «Алтын карта» деп аталган карталарды сата баштарын айткан. Анын айтымында, бул мыйзамдуу болот.

5 Март 2025 жыл 14:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча