Аксыда сел унааны агызып кетти

Аксы районунда катуу жааган жаандан кийин сел жүрүп, ичинде адамдары бар жеңил унааны агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Беш-Короодогу сел өтүүчү каналдын боюндагы жолдо болгон. Анда Мор-Булак айылынын тургуну Нурбек Жолдошбаев жубайы жана үч баласы менен «Жигули» менен бара жатканда күтүүсүздөн сел келип, унаа өчүп калган.

«Айдоочу жана анын үй-бүлөсү өз убагында унаадан сыртка чыгууга үлгүрүшкөн. Адамдар коопсуз жерге чыккандан кийин, суу унааны болжол менен 1 чакырымга чейин агызып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Учурда жабыркагандардын абалы туруктуу, алар аман-эсен үйүнө жеткирилди.

11 Май 2026 жыл 14:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча