Аксыда суу каптаган үйлөр тазаланды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Камыш айылында катталган кырсыктын кесепетин жоюуга тартылган күч-каражаттардын жардамында 56 турак үйдүн короо-жайы тазаланып бүттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Аталган жердеги үйлөрдүн короолоруна, жер төлөсүнө жана ичине 26-майда суу ташкыны кирип, үч мал сарай урап калган. Буга байланыштуу райондун аймагында 26-майдан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Мындан сырткары ушул эле райондун Сары-Челек айыл өкмөтүнүн Аркыт айылындагы Кара-Жыгач – Сары-Челек авто жолунун болжол менен 2,5 чакырым аралыгы, Сарай-Сай сайынан түшкөн сел суулары сайдан ашып, 500 метр аралыкта ички чарбалык авто жолун каптаган. Мындагы суу жууп кеткен тилкелер калыбына келтирилип, жол каттамында унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.

Окуя болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов барып, кооптуулукту алдын алуу үчүн тиешелүү тапшырмаларды койду.

27 Май 2024 жыл 11:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча