Акылбек Орозматов «Ош ТВ» телеканалынын директору болуп дайындалды

Акылбек Орозматов «Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду.

Мэрдин башка бир буйругу менен Маратбек Акимбек уулу өзү берген арызына ылайык, аталган мекеменин директору кызматынан бошотулду.

9 Март 2026 жыл 16:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча