Акыркы бир айда УКМКдан канча кызматкер иштен бошотулган?

УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде акыркы бир айда атайын кызматтын канча кызматкери иштен бошотулганын билдирди.

Төраганын айтымында, 11-февралдан бери УКМКда жүргүзүлгөн ички иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, катаал дисциплинардык чаралар көрүлдү.

УКМКдан 7 кызматкер кетирилип, дагы 83 кызматкер ээлеген кызматынан алынган, кызматка талапкер болгондордун тизмесинен алтоо чыгарылган. Ошондой эле 13 кызматкер тартиптик жазага тартылган.

19 Март 2026 жыл 13:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча