Ала-Арча капчыгайында кан басымы төмөндөп кеткен аял куткарылды

Куткаруучулар Ала-Арча капчыгайында куткаруучулар эс алуучулардын бирине кезектеги жардамын көрсөттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тоо койнунда эс алып жүргөн шаар тургундарынын биринин кан басымы төмөндөп, жардам чакырышкан.

Куткаруучулар жабырлануучуга алгачкы жардамын көрсөткөн соң, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

27 Январь 2026 жыл 9:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча