«Ала-Арча» жаратылыш паркынын кирешеси 4 эсеге өстү

2022-2025-жылдары «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын кирешеси 262,7 млн сомго жетип, дээрлик 4 эсеге жогорулады.

Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, бул санариптештирүүнүн киргизилиши, башкаруунун ачыктыгы жана туристтик инфраструктуранын активдүү өнүгүшү менен байланыштуу.

Паркта жаңы коттедждер, мейманкана, мончо комплекстери жана ресторандар курулуп, кызматтардын түрү кеңейди. 2024-жылы «Теплые ключи» комплекси парктын балансына өткөрүлүп, экологиялык жана ден соолукту чыңдоочу туризмге шарт түзүлдү. Ошондой эле жакында асма жол ишке киргизилет, ал эми родельбандын курулушу жүрүп жатат.

2025-жылдын 1-майынан тартып автотранспорттун киришине тыюу салынып, жөө жана электромобилдерге гана уруксат берилди. Натыйжада кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогорулап, туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

10 Февраль 2026 жыл 16:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча