«Ала-Арчада» эс-учун жоготкон жаранга жардам көрсөтүлдү

«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында «Эдельвейс» тоо куткаруучулары 24 жаштагы жаранга жардам көрcөтүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-март күнү таңкы саат 04:00дө «112» кызматына «Мугалим» чокусуна бараткан эс алуучулардын бири шаркыратманын жанында денеси муздап, эс-учун жоготкону тууралуу кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге 5 куткаруучу чыгып, жабыркаган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, тоодон түшүрүшкөн. Учурда анын абалы туруктуу.

2 Март 2026 жыл 9:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча