Ала-Бука – Кербен унаа жолунун 14,2 чакырым аралыгында капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы сметалык баасы 482 млн 912 миң сомду түзөт. Жол оңдоо иштеринин буюртмачысы болуп «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасы саналат. Курулуш-монтаж иштерин подрядчы мекеме катары «Дорсервис» ААК жүргүзүүдө.
Күн мурун президенттин өкүлү Тилек Текебаев оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Облус башчысы жол курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, иштин жүрүшүндө аныкталган айрым кемчиликтерди көрсөттү.
Ошондой эле подрядчы мекемеге жана тиешелүү кызматтарга курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.