Ала-Бука — Кировка унаа жолунун жээгине 700 түп көчөт отургузулду

Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка унаа жолунун жээгиндеги Кара-Шоро тилкесине 100 түп алма көчөтү жана 600 түп терек көчөттөрү отургузулду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, көчөттөр Чаткал райондук №27 жол-эксплуатациялык ишканасынын кызматкерлери тарабынан отургузулду.

Белгилей кетсек, көчөт отургузуу КР президенти демилгелеген «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында өттү.

13 Май 2024 жыл 9:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча