Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун курулушу уланууда

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука менен Чаткалды бириктирген жолдун 100 чакырымын капиталдык оңдоо иштери 2023-жылы башталган.

Ушул жылы Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолун асфальттоо жумуштарын толугу менен аяктоо пландалууда. Буга чейин аталган жолдун 32 чакырымына асфальт тɵшɵлгɵн.

Учурда 29-чакырымдан 88-чакырымдар аралыгында жол бетин тегиздɵɵ, жол жээгин кеңейтүү, тоо этектерин кесүү, кум-шагыл аралашмасын даярдоо иштери жүрүүдɵ.

Белгилей кетсек, 35-чакырымдан 88-чакырымга чейин бир да жолу асфальт тɵшɵлбɵгɵн шагыл жол болгон. Ал эми калган тилкелеринде эски асфальтты сыйрып, жаңы асфальт тɵшɵɵ иштери баштаганы турат.

Долбоорго ылайык, 4 бөлүккө бөлүнүп, 2 тилкелүү, 11,5 тонна жүк кɵтɵрө ала турган жол салынууда.

4 Апрель 2025 жыл 17:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча