«Ала-Тоо» аянтында Нооруз майрамына карата даярдыктар кызуу жүрүүдө

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында Ноорузга карата даярдыктар кызуу жүрүүдө.

Белгилей кетсек, эртең, 21-мартта Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленет. Негизги салтанаттуу иш-чаралар Нарын шаарында өткөрүлөт.

Бул майрам борбор калаада да масштабдуу белгиленмекчи. Майрамдык салтанаттар Ала-Тоо аянтында жана Бишкек шаарынын бардык райондорунда өтөт.

Саат 11:00дөн 22:00гө чейин Ала-Тоо аянтында концерттер, улуттук оюндар, көргөзмөлөр жана Кыргызстандын элдеринин каада-салттары тааныштырылган этно-боз үй шаарчалары менен коштолгон программа тартууланат.

Ошондой эле конокторду артисттердин өнөрлөрү, маданий иш-чаралар жана элдик кол өнөрчүлүктүн көргөзмөлөрү күтөт.

19 Март 2026 жыл 14:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча