«Ала-Тоо» аянтындагы башкы балатыны жыйноо иштери башталды

Бүгүн Бишкекте “Ала-Тоо” аянтына орнотулган жаңы жылдык башкы балатынын оюнчуктары чогултулуп, жыйналууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мэриядан маалымдашты.

Белгилей кетсек, башкы балаты 15-декабрда жандырылган. Ал шаардын символуна, Манастын айкелине жана Ала-Тоо аянтына айкалыштырып кооздолгон. Бул жылы балатыга көк жана күмүш түстөгү 7 миңден ашык оюнчук илинди. Ошондой эле аянтта муз аянтчасы, сейилдөө аянты, тамактануу зонасы да жайгашты.

15 Январь 2026 жыл 19:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча