Ала-Тоо аянтындагы жаңы туу кайра түшүрүлүп, алмаштырылды.
Мунун себеби азырынча расмий айтыла элек. Ал эми айрым маалымат каражаттары жаңы көтөрүлгөн желек айрылып калып, алмаштырууга туура келгенин жатышты.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектин Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын жаңыланган мамлекеттик туусун көтөрүү аземи болуп өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан.
Белгилей кетсек, 1-январь күнү эртең менен Ала-Тоо аянтында жаңы желек көтөрүлгөн.