Алагөзов: Президенттин карындашынын жигити кармалды

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов фейсбукта Лаззат Нуркожоеванын жигити кармалды деген маалымат боюнча комментарий берип, билдирүү жазды.

Ал президенттин инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын тастыктаган.

Эске салсак, Лаззат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен “кыздын колун суроо” иш чарасынан кийин белгилүү болгон.

«Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар. Баса белгилей кетсем, Президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат»,-деп жазды ал.

10 Июль 2024 жыл 9:08

Тема боюнча