Алайда 35 үй-бүлө мамлекеттин жардамы менен бизнес ачууга мүмкүнчүлүк алды

Алайда 35 үй-бүлө мамлекеттин жардамы менен бизнес ачууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы облус боюнча жалпы квота 7 миң 85 үй-бүлөнү түзсө, анын 584ү Алай районуна туура келет.

Күн мурун министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Алай районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында дагы 35 үй-бүлөгө 100 миң сомдун сертификаттарын тапшырды.

Мындан тышкары, ал Алай районундагы «социалдык контракт» долбоорунун ишке ашырылышына мониторинг жасап, каражат алган айрым үй-бүлөлөрдөн кабар алды.

«Бардык үй-бүлөлөр киреше гана алышпастан, бизнесин кеңейтүүнү да пландап жатышат. Бул “социалдык контракт” долбоорунун натыйжалуулугунун өтө олуттуу көрсөткүчү. Мисалы, Ак-Босого айылынын тургуну Айжамал Мамасадык кызы мурда беш баласына жөлөк пул алып келсе, бүгүнкү күндө 200 тоок сатып алып, айына 20 миң киреше табууда. Ал эми 2023-жылы Сары-Могол айылынын тургуну Гүлзада Абдурахманова 2 тигүүчү машина сатып алып, учурда ал киреше алып эле тим болбостон, эки жумуш ордун түздү», — деди ал.

Министрдин орун басарынын айтымында, эки жыл ичинде Ош облусунун Алай районундагы 352 аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сом алып, өз ишин баштаган.

19 Июль 2024 жыл 14:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча