Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жетекчилери пара алууга шектелүүдө

2023-жылдын декабрында ИИМдин Тергөө кызматына Чүй облусунун тургуну арыз менен кайрылып, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жетекчилерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранганын ИИМдин басма-сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын январь айында алар өздөрүнүн кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, 4 сотых жер тилкесин берүү үчүн 400 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара катары талап кылышкан. Бирок, алар акча каражатын алгандан кийин, өздөрүнүн милдеттемелерин аткарган эмес.

Бул фактыны ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгынын кызматкерлери текшеришип, алынган маалыматтар тастыкталган.

Топтолгон материалдардын негизинде, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Ири өлчөмдө пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 12-декабрында ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгынын жана ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, буга чейин алган паранын бир аз бөлүгүн 40000 сомду кайтарып берип жаткан жеринен Аламүдүн районунун айыл өкмөт башчысы менен башкы бухгалтери кармалган.

Азыркы учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүрүүдө.

28 Декабрь 2023 жыл 15:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча