Алимент карызы бар жаран кармалды

Ноокенде 351 миң сом алимент карызы бар жаран 1 айга камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чара Сот аткаруучулар кызматы тарабынан көрүлдү.

Карызкор мыйзам талаптарына жана түшүндүрмөлөргө карабастан милдетин аткаруудан баш тарткан.

Ноокен райондук сотунун 2026-жылдын 30-январындагы токтому менен ал 1 айга камакка алынды.

Сот аткаруучулар кызматы алимент төлөөдөн баш тартуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

6 Февраль 2026 жыл 11:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча