Алимжановдун ордуна ким депутат болуп келиши мүмкүн?

Жогорку Кеңешке Фарходбек Алимжановдун ордуна депутат болуп «Альянс» партиясынын тизмеси боюнча экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров келиши мүмкүн.

Ал 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо 4205 добуш алган. «Альянс» партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда турат.

Жогорку Сот бүгүн, 26-январдагы отурумунда «Альянс» фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжановдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча арызын карап, канааттандырган жок.

Бишкек шаарынын административдик сотунун 4-августтагы жана шаардык соттун 2-октябрдагы чечими күчүндө калтырылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2023-жылдын 6-июлунда УКМКнын маалыматтарынын негизинде жасалма диплом чырына байланыштуу Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынан депутат Фарходбек Алимжановду жана «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан Фархат Исмаиловдун каттоосун жокко чыгарган.

Андан кийин мандатынан ажыратылган Фарходбек Алимжанов менен Фархат Исмаилов Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берген.

43 жаштагы Элдар Абакиров 2016-жылдын май айынан 2019-жылдын июнь айына чейин экономика министринин орун басары болуп иштеген.

2021-жылы президенттикке талапкер болгон.

26 Январь 2024 жыл 17:49

Тема боюнча