Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов кызмат ордунан кеткендиги кабарланууда. Бул тууралуу мааалыматты Коом Press маалыматтык сайты өздүк булактарына таянып, билдирди.
Ал эми анын кызматтан эмне себептен кеткени азырынча айтыла элек. Бирок, айрым маалыматтарга ылайык, ал башка кызматка барышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, Алмамбет Шыкмаматов 2023-жылдын 5-сентябрында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкаруучулугунун жетекчиси болуп дайындалган.
Алмамбет Шыкмаматов 2021-жылы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси болуп иштеген. Кийин бул кызматын тапшырып, ошол жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоого “Ынтымак” партиясынан талапкер болгон. 2021-жылкы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.
2015-2020-жылдары Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон. 2011-2015-жылдары юстиция министринин кызматын аркалаган.