Алматыда металл кабыл алуу жайындагы жарылуудан үч адам каза болду

Бейшембиде Казакстандын Алматы облусундагы металл кабыл алуу пункттарынын биринде болгон жарылуудан үч адам каза тапты.

«Белгисиз буюмдун жарылуусунун кесепетинен үч адам каза болду. Окуя болгон жерге дароо полиция, өрт өчүрүүчүлөр жана тез жардам бригадасы барды», — деп айтылат облустук полициясынын билдирүүсүндө.

Полиция кылмыш ишин козгоп, окуянын себебин жана жагдайын тактап жатканы кабарланды.

Социалдык тармактарда жергиликтүү тургундар буга чейин «бул ишкананы жабууну суранышканын, бирок тиешелүү органдар элдин өтүнүчүнө кат иретинде жооп берүү менен гана чектелгенин» жазышты. Арыз ээлери ишкана эл жашаган райондо жайгашканына жана андан чыккан жытка нааразычылык билдирип келишкен.

12 Сентябрь 2025 жыл 10:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча