«Алтын Альянс» Кайнар айылындагы бала бакчанын шарттарын жакшыртты (сүрөт)

Альянс Алтын өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен Айтматов районундагы Шекер айыл аймагына караштуу Кайнар айылындагы «Насип» балдар бакчасынын шарттары жакшыртылды.

75 орунга ылайыкталган мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 2023-жылы башталып 2024-жылдын январь айында ишке берилген. Жаӊы бала бакчанын муктаждыктарын чечүү, балдар үчүн жагымдуу шарт түзүү максатында Альянс Алтын өнүктүрүү фонду тарабынан колдоо көрсөтүлүп, жалпы 208 000 сом акча каражатына 2 даана оюнчуктар үчүн текче, идиш аяк жуучу стол, ашканага аба алмаштыруучу жабдык (вытяжка), компютер, принтер, 2 даана телевизор жана кир жуучу автомат машина алынып берилди.

Мындай колдоого кубанган «Насип» балдар бакчасынын эмгек жамааты жана жергиликтүү айыл тургундары Альянс Алтын өнүктүрүү фондуна ыраазы болушууда.

24 Май 2024 жыл 16:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча