2024-жылдын 21-майында өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Имараттын курулушу 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 7 айда толук аяктап ишке берилди.
Имаратты заманбап жабдыктар менен камсыздоодо Альянс Алтын өнүктүрүү фонду тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлүп, Талас облустук ички иштер башкармалыгына эки даана LED-экран (P3 28801920, P8 57603840 өлчөмдөрүндө) кошумча керектелүүчү жабдуулары менен алынып берилди. Ал үчүн фонд тарабынан 1 426 900 сом бөлүнүп берилди.
Бүгүнкү күндө LED-экрандардын бири Талас облустук ички иштер башкармалыгынын сыртына илинип, калкты маалымат менен камсыз кылуу, коомчулук менен тыгыз байланыш куруу максатында пайдаланууда. Ал эми экинчи LED-экран башкармалыктын жыйындар залына орнотулду.



