Алтынбек Максутов : «Талаптар аткарылса, ТикТок жабылбайт…»

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов коюлган талаптар аткарылса, Кыргызстанда ТикТок жабылбай турганын Борбордук Телеканалга билдирди. Анын айтымында учурда ТикТоктун расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда Тик Токту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган.

«Балдардын психологиясына терс таасирин тийгизет». Маданият министрлиги Тик Токто мониторинг жүргүзүп, анда балдардын саламаттыгына, психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтар чектелбей, жаш курагынын категориясы көзөмөлдөнбөй жатканы аныкталганын билдирген.

3 Октябрь 2023 жыл 16:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча