«Альянс Алтын» 2023-жылдын июль айына карата 12 милларддан ашык салык төктү

«Альянс Алтын» ишканасы 2023-жылдын июль айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 12 234 457 967, 00 сом төктү. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Кирешенин 2 пайызы жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана камсыздоого» беренеси боюнча да төлөмдөр жүргүзүлдү.

Талас облусун өнүктүрүү фондуна — 396 348 375, 50 сом, Талас районун өнүктүрүү фондуна — 237 809 025, 30 сом жана Бекмолдо айыл аймагын өнүктүрүү фондуна — 158 539 350, 20 сом бөлүндү.

Азыркы учурда «Альянс Алтын» ЖЧКсында 97% Кыргызстандын жарандары иштейт, ал эми 3% чет өлкөлүк жарандар эмгектенет.
Жерүй кениндеги иштер бардык экологиялык эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт.

Адистер жаз айында бир нече жолу кен ишканасына жакын жайгашкан дарыялардын суусун текшеришти. Суунун булганган жана кандайдыр бир уулуу заттар табылган учурлары катталган жок. Муну менен дарыялардагы суунун сапаты жаратылыш стандарттарына жооп берери аныкталды.

26 Июль 2023 жыл 16:46

Тема боюнча