Альянс Алтын «Алтын тамга» ээлерине ноутбуктарды тапшырды

Альянс Алтын өнүктүрүү фонду билим берүү тармагында бир катар демилгелүү иштерди жетектеп келет. Алсак бүгүн, 30-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен облус аймагында «Алтын тамга» артыкчылык аттестаттына ээ болгон окуучулар сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш-чара КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Альянс Алтын өнүктүрүү фондунун жетекчиси Батыр Качкымбаевдин катышуусунда уюштурулуп, окуунун жыйынтыгы менен ийгилик жараткан окуучулардын ар бирине ноутбук тапшырылды.

Мындай иш-чараны Альянс Алтын өнүктүрүү фонду демилгелеп, окуучулардын билим алуусуна стимул берүү берүү максатында уюштурду.

Эске салсак, быйылкы окуу жылынын жыйынтыгы менен Талас облусунан 8 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болушкан. Ийгилик жараткан ар бир окуучуга буга чейин Альянс Алтын өнүктүрүү фонду ноутбук белекке берүүнү убадалаган.

31 Май 2024 жыл 9:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча