«Альянс Алтын» компаниясы чек арадагы Кайнар айылына таза сууга деп 684 миң сом бөлдү.
Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кайнар айылына «Альянс Алтын» компаниясы таза-суу маселесин чечүү үчүн 684 миң сом каражат бөлгөн.
Аталган айылдын жаңы көчөлөрүнө таза-суу киргизилип, айыл жашоочуларына ыңгайлуу шарт түзүлдү.
Жергиликтүү эл дагы каражат топтоп айрым чыгымдарын өз моюндарына алышкан.