“Алтын Альянс” Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай айыл аймагынын Анарбек Токтогожоев атындагы орто мектебинин актовый залына жаңы эмеректерди алып берди.
985 окуучу билим алган бул мектептин актовый залынын эмеректери эскирип, жарактан чыгып калган.
“Анарбек Токтогожоев атындагы орто мектебинде 985 бала билим алат, 50 мугалим иштейт. Актовый залыбызда буга чейин эмеректер эскирип кеткендитен жараксыз абалга жеткен. “Алтын Альяс” компаниясы бизге 250 миң сомго мыкты сапаттагы эмеректерди алып келип берди. Биз абдан ыраазыбыз”, — деп билдирет мектеп директору.