2024-жылдын 8-октябрь күнү Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан 5-октябрь Мугалимдердин кесиптик майрамына карата билим берүү тармагынын кызматкерлерин сыйлоо иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарып укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана тиешелүү облустук мекменин өкүлдөрү катышыты.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан куттуктоо сөзү сүйлөнүп, белектер тапшырылды. Компаниянын коомчулук менен байланыш кызматынын башкы адиси Адилет Токторбаев билим берүү тармагына компания тарабынан тынымсыз колдоо көргөзүлөөрүн айтты:
“Альянс Алтын” компаниясы бул ирээт өкүлчүлүк менен биргеликте облустагы мыкты мугалимдерди куттуктап, 60 мугалимге өз белектерин тапшырды. Жыл сайын мугалимдер күнүндө, окуу жылы аяктаганда ийиликке жетишкен мугалимдерге белектерин берип келет. Биздин компания “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду аркылуу эле акыркы 8 жылда билим берүү тармагындагы 134 долбоорду каржылоого 75 млн сом каражат бөлгөн. Андан сырткары компания өзүнүн атынан студенттерди окутууга, эл аралык предметтик олимпиаданын катышуучуларына, мугалимдерге каржылык колдоо көрсөтүп турат”, — деди Токторбаев.
“Альянс Алтын” компаниясы Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштетет жана өлкө боюнча алдыңкы салык төлөөчү ишкана катары белгилүү.




