Бул убакыт аралыгында биз ак ниет компания катары Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө инвестиция салып, салыктарды төлөп, мыйзам чегинде иштерди аткарып келдик.
Ачык-айкын ишмердүүлүк, инвестор катары өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткаруу, Кыргыз Республикасынын экологиясын сыйлоо, Талас облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга кызыкдар болуу – мунун баары «Альянс Алтындын» айырмалоочу өзгөчөлүктөрү.
Компания кыргыз элинин чет элдик инвесторго болгон ишенимин жана өлкөнүн байлыгы элдин жыргалчылыгы үчүн чындап кызмат кыла аларына болгон ишенимин калыбына келтирди.
Ачык, мыйзам чегинде так иштеп, салыктарды өз убагында төлөп, экологиялык талаптардын баарын аткарып, жергиликтүү элди сыйлайбыз. Өз демилгебиз менен биз көптөгөн социалдык жана экологиялык долбоорлорду ишке ашырабыз. Биз Кыргызстанга жана элге максималдуу пайда алып келүүнү каалайбыз!
«Альянс Алтын» компаниясы өзүнүн тогуз жылдык ишмердүүлүгүндө кыргыз элинин ишенимин актады!