«Альянс Алтын» компаниясы өрттөнүп кеткен бала бакчаны оңдоого 5,3 миллион сом жардам берди.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Сулуу-Маймак айылынын бала бакчасы өрт кырсыгына кабылып, күйүп кеткен.
Аталган бала бакчаны калыбына келтирүү үчүн «Альянс Алтын» компаниясы ремонт иштерине 4,5 миллион ал эми ички эмеректерине 800 миң сом акчалай жардам берген.
Сулуу-Маймак бала бакчасынын мүдүрү «Альянс Алтын» компаниясына, бөбөктөрдүн келечегине кайдыгер карабаганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы 500 иш кананын ичинен эң көп салык төлөөчүлөрдүн катыранан 2 орунду ээлеген. Компаниядан түшкөн салыктар өлкөгө кызмат кылып, облусту өнүктүрүүгө жумшалат, мындан тышкары компания өзү дагы фонд аркылуу облуска активдүү жардам берип келет.