
“Альянс Алтын” Ак-Жар айылындагы күрөш залына колдоо көрсөттү.
Тагыраагы, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун демөөрчүлүгү менен Аманбаев айыл аймагындагы Ак-Жар айылындагы күрөш залынын курулушуна керектүү материалдар жана инвентарлар алынып берилди.
Фонд тарабынан курулуш иштерине 1 379 015 сом каржылык жардам көрсөтүлдү.
Бул айылдагы жаштардын спорт менен алектенүүсүнө шарт түзүп, спорттук инфраструктураны жакшыртууга чоң салым кошот.