2026-жылдын 1-апрелинен тарта дарыгерлердин, мугалимдердин жана маданият кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайыздан кем эмес өлчөмдө жогорулайт. Бул тууралуу кеңешме учурунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгек акысын 50 пайыздан кем эмес өлчөмдө жогорулатуу каралган.
Минкаб башчысы бул чечимдерди ишке ашыруу үчүн олуттуу каржылык ресурстар талап кылынарын белгиледи. Ошону менен бирге, ал 2025-жылы Бажы жана Салык кызматтары бюджеттин киреше бөлүгүн чогултуу боюнча планды ашыгы менен аткарганын баса белгиледи.