Аптаптуу ысыкта кантип коргонуу керек?
Узак убакыт күндүн астында жүрүү организмге оор зыян тийгизиши мүмкүн. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги жай мезгилиндеги аптаптуу ысыктан кантип коргонуу керектиги тууралуу дарыгерлердин пайдалуу кеңештери менен бөлүштү.
Ысыкка көп жүргөндө адамдын башы айланып, көзүнө түшүнүксүз нерселер көрүнөт, денеси тырышып, эсин жоготушу мүмкүн. Мындай учурда дароо медициналык жардам керек, болбосо абал өмүргө коркунуч жаратат.
Күн нурунан туура коргонуу үчүн төмөнкүлөрдү эсиңизден чыгарбаңыз:
- туура кийимге басым жасаңыз: терини дем алдырган, жука жана табигый материалдардан (зыгыр, пахта, жибектен) тигилген кийим кийиңиз;
- башыңызга сөзсүз түрдө ачык түстөгү жеңил баш кийим кийип жүрүңүз;
- бет жана башты муздак суу менен жууп туруу же кол чатыр колдонуу пайдалуу;
- ар дайым суу ичип туруңуз;
- алкоголдук ичимдиктерди ичүүдөн алыс болуңуз, алар организмди кургатат;
- саат 11:00дөн 16:00гө чейинки эң ысык убакта түз күн тийген жерде болбоого аракет кылыңыз. Зарыл учурда көлөкөдө жүрүңүз;
30 Июнь 2026 жыл 11:05