Арал жана Сосновка постторунда жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

Бүгүн, 11-январь саат 17:00дөн баштап Арал жана Сосновка постторунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чаралар Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.

Ишканадан белгилешкендей, учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө.

«Алыскы жолго чыккан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүү сунушталат», — деп айтылат маалыматта.

11 Январь 2024 жыл 18:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча