Араван районунда айылдык кеңештин депутаты тарабынан уюштурулган мыйзамсыз кумар ойноочу жай аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Х.Ш. жана анын ишенимдүү адамы С.Ш. тарабынан мыйзамсыз жүргүзүлүп келген кумар ойноочу жайга бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, аталган жарандар Жар-Кыштак айылында тиешелүү уруксат кагаздарын албастан жана мамлекеттик бюджетке салык төлөбөстөн, көмүскө кумар ойноочу жай уюштурган.
Аталган жайды тинтүү учурунда интернет-казинолорго кирүү үчүн колдонулган 11 компьютер, 400 миң сом жана кумар оюндарын уюштурууда пайдаланылган башка буюмдар табылган.
Топтолгон материалдардын негизинде Х.Ш. жана С.Ш. «Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу» беренеси боюнча айыпталып, тергөө абагына камакка алынды.