Арстан Алай каза болду

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев 5-январда Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди. Ал Арстанбек Абдылдаев эмне болуп каза тапканын тактаган жок.

Жаза аткаруу кызматы азырынча маалымат бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Арстанбек Абдылдаев “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген.

5 Январь 2024 жыл 12:12

Тема боюнча