Ашууларда абал кандай?

Бүгүн өлкө аймагындагы бардык унаа жолдорунда жана ашууларда унаалар үчүн чектɵɵлɵр жок, жол ачык.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунда кар тазалап, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу иштери күнү-түнү жүргүзүшүүдө.

Белгилей кетсек, 15-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Ошондой эле жолдордо муз тоңуп, тайгак болушу мүмкүн. Мындан улам айдоочуларга унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралык сактоо сунушталат.

12 Март 2026 жыл 9:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча