Бүгүн, 2-январь саат 11:00гө карата республиканын негизги ашууларында жол кыймылына эч кандай чектөө жок.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Каркол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн ачык, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн ачык, каттам бар.
Жол тейлөө кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштер күн сайын жүргүзүлүүдө.
«Кышкы жол шарттарын эске алып, унааңызды кышка ылайык даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.