28-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда “массалык башаламандыктар”, “бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери менен айыпталып жаткан акын Аскат Жетигендин иши боюнча соттук отурум бир сааттай уланды. Судья түшкү тыныгуудан кийин башка жараяны бар экенин билдирип, Жетигендин ишин кароону 4-июнга жылдырды.
Отурумдан соң Аскат Жетиген “Азаттыкка” учкай комментарий берип, буга чейин кыйноо боюнча айтканына түшүндүрмө берди. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаардык бөлүмүнүн жер төлөсүндө аны күч кызматкерлери кыйноого алганын кайталап, кыйноо Тергөө абагында болбогонун тактады.
Соттук кароо 22-майда башталган. Ал күнү Аскат Жетигенге айыптоо актысы окулуп, ишти кароонун тартиби бекитилген.
23-майда өткөн соттук жараянда ырчы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын айтып чыккан. Жаза аткаруу кызматы муну четке кагып, активисттин “кыйноо тергөө абагында болгон эмес” деген видео билдирүүсүн жарыялаган. Башкы прокуратура активисттин арызынын негизинде иликтөө иштерин баштаган.
УКМК Аскат Жетигендин билдирүүлөрү боюнча комментарий бере элек.
Акын 20-мартта кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 19-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. 8-майдагы баштапкы соттук угууда анын камактагы мөөнөтү 8-июлга чейин узартылган.