Аскер бөлүгүндө каза болгон жоокердин апасы президентке кайрылды

Ошто 2024 аскер бөлүгүндө куралды этиятсыз пайдаланып өзүн атып алды делген Руслан Эрменбаевдин апасы Нааргүл Эргешова 7-декабрда президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Ал “Азаттыкка” комментарий берип жатып мамлекет башчыдан аскерде кызмат өтөгөндөрдүн коопсуздугун көзөмөлгө алуусун суранды.

7-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын Ош облусундагы бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер өзүн атып алганын билдирген. Мекеменин маалыматы боюнча, окуя 6-декабрда болгон. 18 жаштагы жоокер (Э. Р.) кокусунан өзүн атып алганы, бардык медициналык жардамдар берилгенине карабай, жаракатынан көз жумганы айтылган.

Руслан Эрменбаев жети бир туугандын экинчиси болгон. Ал 2024 аскер бөлүгүндө сентябрь айынан бери кызмат өтөп жаткан.

7 Декабрь 2023 жыл 11:56

Тема боюнча