Милдеттүү аскердик кызматты өтөгөн адамдар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окуу акысын 50 пайызга төмөндөтүү сунушталды.
Мыйзам долбоорун депутаттар Айбек Маткеримов, Динара Ашимова, Марлен Маматалиев, Эрнис Айдаралиев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды. Анда аскерге барып келгендер жарандык турмушка аралашуусу кыйынчылык туудурары, окуу акысын арзандатуу алардын билим алуусуна, кесипке ээ болуусуна өбөлгө болору жазылган.
«Милдеттүү аскердик кызматты өтөгөн адамдар улуттук коопсуздукту жана мамлекеттик коргонууну камсыз кылууга чоң салым кошуп келишет. Билим берүү боюнча жеңилдиктерди берүү — бул алардын эмгегин таануу, окуу жана профессионалдык жактан өсүү үчүн колдоно ала турган кызматта өткөргөн убактысынын ордун толтуруу», — деп айтылат маалыматта.
Аскердик кызматкерлерди колдоо, социалдык адаптациялоону стимулдаштыруу боюнча маанилүү кадам болуп саналат. Бул мыйзам долбоору социалдык адилеттүүлүк, эмгегин таануу жана өлкөнүн кадрдык потенциалын чыңдоо негиздерине жооп берери айтылды.
Ошондой эле аталган демилге жаштарды аскердик милдетин өтөөгө кызыктырары кошумчаланган.