Аскердик бөлүктүн «КамАЗы» менен жеңил автоунаа сүзүштү

Бишкекте 30-октябрда саат 9дар чамасында Байтик Баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.

Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, №29713 аскер бөлүгүнүн КамАЗы Байтик Баатыр көчөсү менен түштүк тарапты көздөй бара жатып, Кулатов көчөсү менен кесилишкен жерден Кулатов көчөсү менен батыш багытында бара жаткан Тойота Королла менен кагышкан.

КамАЗды 46 жаштагы жаран башкарып бара жаткан, ал эми «Тойота» унаасын 33 жаштагы Ш.Э. айдап бараткан.

Кырсыктын кесепетинен Тойота унаасынын айдоочусу жабыркаган. Ал ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаалар айып короосуна киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

30 Октябрь 2024 жыл 13:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча