Ассоль Молдокматованын апасы дүйнөдөн кайтты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген маданият ишмери, Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун башкы катчысы Ассоль Молдокматованын апасы Исмаилова Тамара Мусаевнанынын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы байланыштуу көңүл айтат.

Тамара Мусаевна чыныгы үй-бүлөлүк баалуулуктардын символу болгон, акылмандыгы, боорукерлиги жана жүрөк жылыткан адамгерчилиги менен көптөргө үлгү көрсөтүп, айланасындагыларга дем берип келген. Өзүнүн жакындарына жана балдарына болгон чексиз сүйүүсү менен ал өзгөчө урматка ээ болгон инсан эле.

Ассоль Молдокматова үчүн апасы өмүр бою ишенимдүү таяныч, руханий колдоо жана шыктандыруучу күч болуп келген. Тамара Мусаевнанын күтүүсүздөн дүйнөдөн кайткандыгы Молдокматованын үй-бүлөсү үчүн гана эмес, аны тааныган жана сыйлаган коомчулук үчүн да орду толгус жоготуу болду.

Министрлик Ассоль Молдокматовага, анын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Тамара Мусаевнанын элеси жана өмүр жолу дайыма жылуу эскерүүлөрдүн арасында сакталып, руханий кубат берип турсун.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 2-декабрь, дүйшөмбү күнү, саат 11:00дө “Bay Tash Tower” имаратында өткөрүлөт.

29 Ноябрь 2024 жыл 17:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча