Асыл тукум букаларды коңшу өлкөгө айдап бараткан жаран кармалды

Баткенде асыл тукум букаларды аткезчилик жол менен алып чыгып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери чек ара кызматкерлери менен биргеликте Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 48 жаштагы К.С. аттуу тургунун бүгүн, 8-январда түнкү саат 03:00 чамасында «Ганжак» участкасынан коңшу өлкөгө 5 баш асыл тукум ийри мүйүздүү малды айдап бараткан жеринен кармаган.

Бул факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

8 Январь 2024 жыл 13:11

Тема боюнча