Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ат-Башы районунда курула турган жаңы автобекеттин эскиздери менен бөлүштү.
Мамкурулуштан билдиришкендей, эскиздик долбоор Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.
Долбоордо баардык муктаждыктар эске алынып, жүргүнчүлөргө заманбап күтүү залы, туристтерге маалымат берүүчү кеңсе, жатакана, даарыкана жана башка обьектилерди камтылды.